Шайлоо-2021. БШК Дастанбек Жумабековду жарыштан четтеткен жок

№20 Манас шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековду жарыштан четтетүү талабы коюлууда. Мындай билдирүү БШКнын жыйынында айтылды.

Жумабековго карата дагы бир арызда анын үгүт иштерин жүргүзүү үчүн катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн курамында Аширкул уулу Кенжебектин бар экени айтылат. Анын муниципалдык кызматкер экендиги, сынак менен келген Кара-Буура айыл өкмөтүндө юрист болуп иштери маалымдалды. Аны менен 2021-жылдын 31-январына чейин келишим түзүлгөн. Ал эми 6-октябрда Дастанбек Жумабековдун ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 

БШКнын мүчөсү Искендер Гайпкуловдун айтымында, муниципалдык кызматкерлердин реестринде юрист деген кызмат жок. Жумушчу топтун мүчөлөрү өз чечими менен үгүт иштеринин эрежелерин системалуу түрдө бузганы үчүн Дастанбек Жумабековдун каттоосун жокко чыгаруу чечимин кабыл алышкан. Бирок БШКнын өкүлдөрү алардын чечимин колдогон жок. Дастанбек Жумабеков жарышта калды.