Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин – айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Шайлоо саат 20:00дө жыйынтыкталды.
БШКнын сайтында жарыяланган алдын ала маалымат боюнча, Ош шаардык кеңешине ат салышкан 5 партия тең босого пайыздан өттү.
- «Жаңы Кыргызстан» партиясы — 43,39%
- «Ынтымак» партиясы — 19,98%
- “Мурас” — партиясы — 15,15%
- “Милдет» партиясы — 10,40%
- “Бир бол” партиясы — 9,76%
Шайлоочулардын 1,31 пайызы баарына каршы добуш берген. Эми добуштар колго саналат.