Дин таануучу Кылыч Шамбетов каза болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан ырасташты.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 6-июлда Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда өтүп, кийин сөөгү жерге берилет. Айрым маалыматтар боюнча, Кылыч ажынын өлүмүнө коронавирус себеп болгон.
“Ал 1990-жылдардын башынан бери даават ишинин башатында туруп, жүздөгөн мечит-медреселердин курулушун жетектеп, бир топ соопчулук иштерди уюштурду эле”, — деп билдиришти.








