Шашылыш билдирүү! 19-23-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

ӨКМ маалымат таратып, 19-23-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдиришти.

«19-23-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат», — деп айтылат маалыматта.