Abank july
SerepTV Logo

Шашылыш билдирүү! Бишкекте катуу шамал болот

Шашылыш билдирүү! Бишкекте катуу шамал болот
Бишкекте жакынкы сааттарда жана түштөн кийин катуу шамал болуп, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Бишкек шаарынын мэриясы кырсыктарды алдын алуу жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн шаар тургундарынан унааларын бак-дарактардын жана жеңил салмактагы нерселердин жанына койбоону суранат.