3-4-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетүүсү күтүлүүдө.
«Адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан телефонограмма жер-жерлерге жөнөтүлгөн. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу өлкө жарандарына СМС билдирүүлөр жана телеканалдарда жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген», — деп айтылат маалыматта.









