«Силер мен эмнени көргөнүмдү билбейсиңер». Казакстанда кармалган Кыргыз музыканты билдирүүсүнө түшүндүрмө берип, алган жаракаттары тууралуу айтып берди

Казакстанда кармалган Кыргыз музыканты Викрам Рузахунов расмий билдирүүсүнө түшүндүрмө берип, алган жаракаттары тууралуу айтып берди. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

«Мен үч оорукананы алмаштырдым, дале дарылануудамын. Операция жасалды. Бир гана жакындарым жана дарыгерлер кандай ооруну жана кыйынчылыкты өткөргөнүмдү көрүштү», — деп жазды музыкант. Рузахуновдун айтымында, медиктер анын көкүрөгү жана баш мээсинен жаракат алгандыгын, кабыргалары сынганын аныктаган.

Музыкант Кыргызстанга келген соң жасаган билдирүүсүнө түшүндүрмө берди. «Менин расмий билдирүүм Казакстанда дале кармалгандар үчүн айтылды. Алардын көбү үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу. Менин ар бир сөзүм аларга таасирин тийгизип калышы мүмкүн эле», — деп жазды ал. Рузахунов ага маек берүүгө тыюу салынганын да билдирди.


Викрам Рузахунов
Кыргызстанга 10-январда келген. Анын коңшу өлкөдө башаламандык учурунда күч түзүмдөрү тарабынан кармалып, ЖМКлар аркылуу «Акча сунушташканы үчүн Кыргызстандан Алматыга митингге бардым» деген видеосу көрсөтүлгөнү чоң резонанс жараткан. Музыканттын жакындары жана кесиптештери Кыргыз өлкөсүндөгү Казакстандын элчилигинин жанында митинг өткөрүп, ал жерге келген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Рузахунов террорист эмес, ал бошотулат» деген.