Өлкөдө орточо пенсия 10 миң 543 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 22-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 1-октябрдан тарта пенсиянын өлчөмү өзгөрүп, 11 миң 400 сом болот, ал эми пенсияга чыгуунун эң төмөнкү өлчөмү 7 миң 200 сомду түзөт. Суроого жооп берип жатып, ал аскер кызматкерлеринин пенсиялык саясатын Социалдык фонд жүргүзбөйт деп айтты.








