ЕККУ социалдык тармактардагы нааразычылыктан кийин Бишкектеги дубалга тартылган казакстандык модель Айа Шалкардын сүрөтүн алмаштырат.
«Бардыңыздарга пикирлериңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз. Пикирлер эске алынып, жаңы эскиз даярдалат»,- дешти уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө DOXA арт-тобу тарабынан даярдалган муралдын сүрөттөрү пайда болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттөн казакстандык моделди таанып, Бишкектин борбордук көчөсүндөгү сүрөткө казак кызынын образы тартылганына нааразы болушкан.