Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынан билдиришти.
Мекеме тараткан маалыматка караганда, буга чейин Б.Т. аттуу жаран Финполго арыз менен кайрылган. Анда Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кыймылсыз мүлккө документ берүү үчүн 30 миң сом талап кылып жатканын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул иштин материалдары бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Учурда пара алып жаткан жеринен кармалган Р.Р. Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тергөө жүрүп жатат.
Финпол жарандарга кайрылып, жооптуу адамдар тарабынан пара талап кылуу же мыйзамсыз акча чогултуу көрүнүштөрүнө күбө болушса, 1955 номери аркылуу маалымдап коюуну суранат.










