16 жаштагы кыздын зордукталышы. Шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетип жаткандагы видео жарыяланды

7-декабрда Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургундары 16 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар сотуна чогулушуп, шектүүнүн үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүүнү талап кылышкан. Ага 3 күн убакыт беришип, болбосо, жазалоого чыгабыз деп коркутушкан. Бирок шектүүнүн атасы каршы болуп, көчүп кете албастыгын айткан болчу.  Кечээ, 9-декабрда Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган делген жарандын үй-бүлөсү айылдан чыгып кеткени маалым болду.

Фейсбук колдонуучусу Лунара Бекиева шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетип жаткандагы видео менен бөлүштү. Ал «16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жарандын үйүнө барсам, оокаттарын унааларына салып көчүп жатышкан экен. Аксакалдар кеңешинин мүчөсү, айыл башчы, милиция кызматкерлери жүрдү», — деп жазган.