Сокулукта 81 жаштагы карыя дайынсыз болуп жатат

Сокулук районунда 81 жаштагы Насыркан Кудайбергенов дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу журналисттерге жакындары билдирди. 

Ал 2-февраль күнү саат 16:00дө Шалта айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Белгилери: бою 170 сантиметр, арык, чачы ак, көзү күрөң. Үстүндө боз түстөгү куртка, күрөң шым кийип жүргөн.