Сокулукта издөөдө жүргөн эки өспүрүм табылып, ата-энесине өткөрүп берилди

Сокулук районунда «Бродяга» аталышындагы рейддик иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2-3-май күндөрү Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан «Бродяга» аталышындагы рейддик иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жүздөн ашык кызматкери иш алып барган.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы туруктуу жашаган жери жок жарандар аныкталып текшерүүгө алынса, издөөдө жүргөн эки өспүрүм табылып ата-энелерине өткөрүлүп берилген. Эки күндүк иш-чаранын алкагында ар кандай укук бузуулар бонча 16 протокол толтурулуп 2 кылмыштын бети ачылган.