Сокулукта сабалган наристе 3 айдан соң бир тууган эжеси менен жолукту

Сокулукта сабалган наристе 3 айдан соң бир тууган эжеси менен жолукту. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

«Бала экиде, эжеси төрттө. Алар үч айдан бери көрүшө элек болчу. Бул убакыттын ичинде ал эч ким менен эжесиндей бактылуу болгон эмес. Туугандарды эч качан бөлбөгүлө, мүмкүн бала эжеси менен бирге бат сакаят», — деп жазды Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына.

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган.