Буга чейин социалдык тармактарга видео тараган. Видеодо аталап ыйлаган кичинекей кызды аял киши көтөрүп барып, унаага салып, алып кеткени тартылган. Окуя боюнча Жогорку Соттон маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 10-декабрындагы соттун чечими менен жашы жете элек кыздын жашаган жерин аныктоо боюнча канааттандырылган. Тактап айтканда, сот кыз атасы менен эмес, апасы менен жашарын чечкен. Себеби экинчи тарап энеси менен жашаганга болбой деген далил келтире алган эмес. Бул чечим Бишкек шаардык сотунда жана Жогорку Сотто кайрадан каралып, баштапкы Ленин райондук сотунун чечими күчүндө калтырылган. Балдардын атасы соттун чечимин аткаруудан качкандыгына байланыштуу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечими жарым-жартылай аткарылган. 2014-жылы туулган жашы жете элек кыз апасына өткөрүп берилген.
Айрым маалыматтарга караганда, кыздардын апасы Орусияда иштечү жана кыздарды атасы карачу.










