Сот залынан бошотулган Болот Назаровго аргымак тартуу кылынды (видео)

Кечээ, 24-январда кылмыш иши кыскартылып, сот залынан бошотулган акын Болот Назаровго аргымак тартуу кылынды. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо жазды.

«Болот акынга жакшы тилектерин айтып, эркиндикке чыгышына тилектеш болгон элге, чыгармачыл интеллигенцияга, журналисттерге жана салт менен наркты билип акыныбыздын анча-мынча ашыкча эркелигин түшүнө билип, акыйкат чечим чыгаргандарга чоң рахмат! Кыргыздын салтын кылып Ачекей айылына чогулуп, акындын башын куттуктадык! Аргымакты алдына тарткан ага-инилериме рахмат», — деп жазып, видео менен бөлүштү.