«Сот залынан бошотулган». ЖАК 1600 сом үчүн СИЗОдо отурган кыз тууралуу маалымат берди

Депутат Эмил Жамгырчиев 19 жаштагы кыздын 1600 сомдун айынан СИЗОдо отурганын айтып чыккан. Жазаларды аткаруу кызматынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыз тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 2003-жылы туулган кыз 9-ноябрда Свердлов райондук сотунун чечими менен сот залынан бошотулган. Буга тараптардын элдешүүсү себеп болгон.