Соттон айыпталуучуга бензин чачып, өрттөөгө аракет кылган окуя боюнча маалымат беришти

Буга чейин жактоочу бүгүн, 26-октябрда Биринчи Май райондук сотунда катышуучулар сот залына күйүүчү зат (бензин) алып келип, айыпкерге чачып өрттөгөнгө аракет кылышканын жазып чыккан. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук соттон окуя тууралуу маалымат беришти.  Маалыматка караганда, сотто алдамчылык беренеси боюнча отурум өтүп жатат. «Бүгүн биринчи соттук отурум бүткөн соң, айыпталуучуга бензин чачып, зажигалганы күйгүзүп, ага ыргыткан. Бул жаран бул ишке күбө катары чакырылган жана бүгүнкү ишке чакырылган эмес»,- дешти.