«Сөз эркиндиги үчүн биз — бирбиз». Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш аяктады

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өттү. Жөө жүрүш темир жол бекетинен башталып, «Ала-Тоо» аянтында аяктады.

Активисттер «Ала-Тоо» аянтында бири-биринин колун кармашып, тегерек болуп турушуп, «Сөз эркиндиги үчүн биз — бирбиз», «Сөзгө эркинбиз», «Кысымга жол жок» деп кыйкырышты.

Андан соң, «Надира Нарматова, мандатты тапшыр» деп жазылган плакатка кол коюшту.