Москвада 91 жашында СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев каза болду.
«Михаил Сергеевич Горбачев катуу жана узакка созулган оорудан кийин бүгүн кечинде каза болду», — деп айтылат маалыматта.
Горбачев КПСС Борбордук Комитетинин акыркы Башкы катчысы (1985-1991), СССР Жогорку Советинин Президиумунун акыркы төрагасы (1988-1989), СССРдин биринчи жана акыркы президенти (1990-1991) болгон. Горбачев бир катар сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды, анын ичинде 1990-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгын алган.