Болгарияга бармакчы болуп, Стамбулда жоголгон кыргыз кызды мекенге кайтаруу маселелери иштелип жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Буга чейин ИИМ маалымат таратып бүгүн, 5-июлда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратованы табышканын, учурда Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Жазгүл Шамуратованын жоголуп кеткендигинин себептери такталып жатканын билдиришкен.
24-июнда Кыргыз жаранынан кызы акыркы эки күндөн бери байланышка чыкпагандыгы туурасында маалымат түшкөн. Анын айтымында, кызы Стамбул шаарынан Болгариянын Варна шаарына автобус менен бара тургандыгы белгиленген. Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматына мекендишибиздин Түркияга кирүү убактысын тактоо боюнча кайрылышкан. Кыргыз жараны эч тоскоолдуксуз Стамбул аймагына кирген деген маалымат алынган.