Стамбулда жоголуп, кийин табылган кыргыз кыз мекенге келди
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Стамбулда дайынсыз болуп, кийин табылган кыргыз кыз 5-июль түнү апасы менен бирге Стамбул-Бишкек «Пегасус» аба каттамы менен Кыргыз Республикасына кайтып баргандыгын билдирди.
24-июнда Кыргыз жаранынан кызы акыркы эки күндөн бери байланышка чыкпагандыгы туурасында маалымат" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bolgariyaga-barmakchy-bolgon-kyrgyz-kyz-stambulda-daiynsyz-bolup-jatat/">маалымат түшкөн. Анын айтымында, кызы Стамбул шаарынан Болгариянын Варна шаарына автобус менен бара тургандыгы белгиленген. Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматына мекендишибиздин Түркияга кирүү убактысын тактоо боюнча кайрылышкан. Кыргыз жараны эч тоскоолдуксуз Стамбул аймагына кирген деген маалымат алынган. Ал 5-июлда табылып, полицияга жеткирилген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bolgariyaga-barmakchy-bolup-stambulda-jogolgon-kyrgyz-kyz-tabyldy/">жеткирилген.