Стамбулдагы жардырууда каза болгондор менен жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок

Стамбулда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна шилтеме берүү менен Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кечээ, 13-ноябрда Стамбулдун Истиклял көчөсүндө жардыруу болгон. Түрк бийлигинин маалыматы боюнча, 6 адам каза болуп, 50дөн ашууну жарадар болгон. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Түркиянын бийликтери менен байланышта. Түркиянын укук коргоо органдары каза болгондордун жана жабыркагандардын саны өсүп жатканын билдирүүдө, тергөө уланууда.