Шопоков шаарындагы колледждин студенттери Библияны окууга мажбур болуп жатканын айтып, нааразы болушту. Видеону Айсулуу Көлбаева Фейсбук баракчасына жарыялады. Видеокайрылууда колледждин мугалимдери аларды диний окуу китептерин окууга мажбурлап жатканын белгилейт.
Окуя боюнча милиция менен министрлик үн катып, учурда териштирүү жүрүп жатканын айтышты. «Иштин бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле комплекстүү иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат милициянын маалыматында. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.












