«Аялым кедейсиң деп мени жана 5 балабызды таштап кетти» деген SUPERTV’нын каарманына кайдыгер эмес жарандар жардам көрсөтүүдө

SUPERTV жардамга муктаж тагдыр ээлерине маалыматтык колдоо көрсөтүп келет. Бул жолу Ош шаарындагы Төлөйкөн айылында 5 баланы жалгыз караган, жалгыз бой ата Сүйүн Кудайбердиев «Тагдыр» көрсөтүүсүнө тартылган эле. Видео чыккандан кийин социалдык тармактарга тарап, каарманыбызга жардам бергендер болду. Алардын арасында Кумара Сатарова аттуу Ош шаарынын тургуну каармандын балдарын жуунтуп, кийим жана азык-түлүк алып барып жардам көрсөткөн. Жардам колун сунган тургун редакцияга байланышып «Сиздерге ыраазычылык билдирем, элден айланса болот, азык-түлүк берип жардам көрсөтүшүүдө, эми үй салганга жардам кылалы деп жатабыз» деди.

Видеону толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыздар: