Кыргызстанда 27-мартка карата СOVID-19ду жуктуруп алган жаңы 88 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
— Бишкек — 55
— Чүй облусу – 24
— Нарын облусу — 3
— Ысык-Көл облусу – 5
— Жалал-Абад облусу – 1.
Сутка ичинде 68 адам айыгып чыкты. Каза болгондор катталган жок.
Жалпысынан Кыргызстанда бул вируска 87 946 адам чалдыкты. Анын ичинен 84 537 адам айыкты. 1494 адам каза тапты.