Сузакта окуучу кызды сабаган мугалим өз арызы менен иштен кетти. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мектеп директору Даткайым Нуралиева тастыктады.
Анын айтымында, Мээримгүл Эргешбаева учурда эмгек өргүүдө. «Ошол окуядан кийин ал алгач ооруканага жатып калып, андан соң эмгек өргүүсүнө чыгып, андан кийин жумуштан бошотуу арызын жазган», — деди жетекчи.
25-май күнү социалдык тармактарда мугалим менен окуучунун чыры тартылган видеосу коомчулукка тараган. Кийин маалым болгондой, окуя 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, мектептин 7-классынын окуучусун информатика сабагынан мугалими уруп койгондугу аныкталган. Биз окуя боюнча аталган видеодогу информатика мугалими делген Мээримгүл Эргешбаева жана сабалды делген кыздын апасы жана мектеп директору менен сүйлөшкөнбүз.










