Сузакта төрт адамдан турган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө үй куруп беришти (сүрөт)

Сузак районунда оор турмуштук кырдаалга туш болгон мүмкүнчүлүгү чектелген төрт адамдан турган үй-бүлөгө үй куруп беришти. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти

«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургуну Калбү Нышанбаева жана анын эки баласы жана небереси майып. Алардын өз үйү болгон эмес. Айыл өкмөтү жер бөлүп, жеке инвестор төрт бөлмөлүү үй салып берди», — деп айтылат маалыматта.