23-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылындагы менчик мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ири өрткө Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан жалпысынан 7 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа, 1 автошаты тартылып, ӨКМдин Жалал-Абад башкармалыгынын башчысынын жетекчилиги менен 80 өрт өчүрүүчү катышты.
Мектептен чыккан тилсиз жоо саат 02:34тө чектөөгө алынып, 03:34тө толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматка ылайык, жалпы аянты болжол менен 1800 чарчы метрди түзүп мектептин 3-кабаты өрттөнгөн. Жабыркагандар жок.
Учурда жеринде атайын комиссия курамы түзүлүп, өрттүн келип чыгуу себептери, материалдык чыгымдарды тактоо жумуштарын алып барышууда. Аталган мектептин ишмердүүлүгү 2016-жылы башталып, 400дөн ашуун балага билим берет.












