«Сүйлөсө эле Москва, Лондондон кеп кылат». Садыр Жапаров блогерлерди акыл үйрөтпөнү суранды

Эл-журттан суранарым, мага ишенип, беш жыл президент кылдыңарбы, аягына чейин ишенгиле. Беш жылдан кийин жыйынтык чыгарасыңар. Бул тууралуу Садыр Жапаров билдирди.

«Анан блогер, акылдуусунуп акыл үйрөткөн жаштардан суранарым, акыл үйрөтпөй эле койсоңор. Айрымдары ансыз деле жасалып жаткан иштерди «минтип койбойсуңбу же тигинтип койбойсуңбу» деп акыл үйрөтүп киришет, өзүнөн сурасаң же жогорку билими, же тажрыйбасы жок. Сүйлөсө эле Москва, Лондондон кеп кылат. Анан эле интернетте олтуруп алып, акыл үйрөтүшөт. Баткен боюнча канча акыл үйрөтүштү. Анын баары ансыз деле жасалып бүткөн же жасалып жаткан иштер болчу»,- деп жазды ал.