«Сыртың да, ичиң да кара, жаман кыз экенсиң». Рита Карасартова Кемпир-Абад боюнча жыйын кандай өткөнүн айтып берди

Укук коргоочу Рита Карасартова кечээ, 20-октябрда Кемпир-Абад боюнча президент менен активисттердин жолугушуусу тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жыйында президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түшүндүрүп берүүгө аракет кылган.

«Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтып берди. Анан Камчыбек Ташиев сүйлөдү. Орто ченде «биздин Кыргызстанда көп бузукулар бар» деп айта баштады. Ал мамлекеттик кызматта турганынан эле турам дейт, болбосо, бузукуларды жанчып салам дегендей айтты. Зал кыйкырып чыкканда ал өзүнө келди. Жапаров «бир ачууңду мага бер» деди. Ошентип жыйын башталды.

2 мүнөттүн ичинде мен өз оюмду айттым. Алар Кемпир-Абаддын суунун алдындагы жер 1965-жылы эле берилип кеткен дейт. Өзбектер ошол кезде эле алганын билбейт экен да. Анан азыр жалдырап атышыптыр. Анан суроо бердик. Компенсация менен жер алмашуунун айырмасын билбеген кишилер бүгүн «биздин жер 1965-жылы эле берилип кеткен, а биз азыр 1 сантиметр жер бербейбиз» деп кулагыбызга «лапша» илип жатышат. Мен «ал жакка барбай эле койгула» дедим. «Ичиң дагы кара, сыртың дагы кара, жаман кыз экенсиң» деп, мага аябай нааразы болду. Элдин баары кыйкырып баштаганда унчукпай калды», — деди ал.