Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Муратбеков Табылды Муратбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды. Депутатка белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүк жана төш белгиси тапшырылды. Ал Султанбай Айжигитовдун ордуна келди.
Муратбеков 1994-жылы 10-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.









