Кечээ, 6-октябрда УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, Чек ара кызматынын бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылганын билдиришкен.
«Тилекке каршы, дене сыртынын 90 пайызынан ашыгы жабыркагандыктан анын аты-жөнүн дароо аныктоо мүмкүн болгон жок. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады. Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамды аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык-экспертиза — ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды», — дешкен.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Дастан Анарбековдун апасы менен байланышканыбызда, дененин калдыктары уулунуку эместигин сезип жатканын айтты. «Ал менин уулум эмес. Мен уулум аман-эсен келет деп күтүп жатам. Казакстанга лабораторияга жөнөтүштү. Биз дагы көз карандысыз ДНК-анализ кылдыртсакпы деп ойлонуп жатабыз. Баасы 2 миң евро дешти», — деди апасы.
- Талас облусунун кулуну, Баткенде кызмат өтөп жүргөн Дастан Анарбеков учурда дайынсыз болууда. «15-сентябрь күнү кечинде Дастанды каза болду, сөөгүн алып кеткиле деп бизге кабарлашкан. Бирок сөөк башка баланыкы экен. Ошондон бери тирүү же өлүгүн биле албай жүрөгүбүз ордунда эмес. Инимди тиешелүү органдар издеп жатабыз деп жатышат, бирок азырга чейин маалымат жок», — дейт эжеси. Белгилей кетсек, Дастандын сүрөтү каза болгон жоокерлердин арасына кошулуп коомчулукка жарыяланып кеткен. Жакындары дагы деле инисинин дайынын таппай жатканын айтышат.