SuperTV’нын каарманы Айзат Маматназар кызы: «Телефонум өчүп-күйүп чалгандар менен байланыша албай жатам»

Кечээ, 16-июнь күнү SuperTV каналынын “Тагдыр” көрсөтүүсүнө Айзат Маматназар кызынын аянычтуу тагдыры тууралуу сюжет чыккан. Жаштайынан турмуштун оор сыноолорун башынан өткөргөн каармандын баяны чыккандан бери жардам көрсөтөм деген адамдар көп болуп, ага байланыша албай жатканын жазышууда.

Айзат Маматназар кызы менен байланышканыбызда ал телефону эски болуп, улам өчүп-күйүп, чалгандар менен байланыша албай жатканын билдирди. Сюжет чыккандан бери жардам колун сунгандар көп болуп жатканын айтып кубандырды.