Тажик аскер кызматкерлери Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алышты
Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Тажик аскер кызматкерлери Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алышкан. Тажикстандын аскер кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан айылдардын конуштарынан ок чыгарып, муну менен алардын позицияларына жооп иретинде ок атылды. Өзүнүн карапайым калкын тирүү калкан катары пайдаланып, тажик тарап карапайым калк арасында чоң жоготууга учурап жатат.
"Куралдуу жаңжалда УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүктөрү Тажикстандын "Ляккан" жана "Богдари" чек ара заставаларын аткылап, оор техниканын көп саны жок кылынды",- деп айтылат маалыматта.