Тажик аскерлери талапты четке кагып, минометтон аткылоону улантууда

Тажик аскерлери кыргыз тараптын атышууну токтотуу талабын четке кагууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, тажик тарап электр энергиясын өткөрүүчү линияларды жана чек ара заставаларына көздөй минометтон аткылап жатышат.

«Кечээ, 27-январда саат 17:50 чамасында Төрт-Көчө жерлигинде таш жүктөлгөн унаалар менен жарандар келген. Тажик жарандары Баткен-Исфана жолун жабуу максатында таштарды түшүргөн. Аларды тажик аскерлери коштоп келген. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жол ачылган. Бирок маселе жөнгө салынганына карабай, тажик тарап башка тилкеде, Чыр-Дөбө жерлигинде кыргыз аскерлерин көздөй миномет жана гранатометтон ок чыгарган. Ушунун артынан эле Төрт-Көчө жергесиндеги кыргыз аскерлерине каршы тажик чек арачылары тарабынан курал колдонулган. Тажик аскерлеринин ал жердеги аракеттери координацияга алынып жатты, бул алардын мурдатан чагымчылдык уюштурууга даярданганын тастыктайт», — деп жазылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Чек ара кызматынан миномет колдонуу өлкөлөр ортосундагы эл аралык жана эки тараптуу макулдашууларды одоно бузуу экендигин белгилешет. Миномет чек ара бөлүктөрүнүн штаттык комлектине кирбейт.