Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 5-май саат 11:30га карата Баткендеги кырдаал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал учурда туруктуу.
Чек ара кызматы Тажикстан 4-майда чек ара жаңжалы учурунда уурдап айдап кеткен кыргыз жарандарынын эки унаасын кайтарып бергенин кабарлады. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 5-майда коогада зыянга учураган чек ара бекеттерин кыдырып жүрөт.
Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле 5 жалпы билим берүүчү мектеп, 2 фельдшердик-акушердик пункт, 3 бала-бакча, 2 милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, 2 чек ара заставасы жана 1 клуб жараксыз абалга келген.
Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 183 тургун жараат алды.