Шаршемби, 24.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Жакындары кабатыр болушууда. Тажик тарап кармап кеткен кыргызстандыктар качан камактан чыгарылат?

19:50 02.03.2021
8
Жакындары кабатыр болушууда. Тажик тарап кармап кеткен кыргызстандыктар качан камактан чыгарылат?

16-февралда Тажик тарап кармап кеткен беш кыргыз жараны дагы деле үйлөрүнө кайтып келише элек. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине Тажик тараптын тергөө абагында жаткан Дөөлөт Орозовдун бир тууган карындашы Элмирахан Орозова билдирди.

Анын айтыманда агасы 16-февралдан бери кабарсыз камакта жатат. Кармалган беш жарандардын эч биринин жакындарына алардын учурдагы акыбалы жөнүндө айтылбай келет.

“16-февралда менин агам жана дагы башка төрт кыргызстандык Тажикстандын мал базарына барып, кайра үйлөрүнө кайтып келе жатышканында жол таппай, чек арадагы мыйзамдуу өткөрмө бекетинен адашып калышкан. Аларды Тажик тарап кармап кетишкен. Кармоо учурунда  кыргыздарга Тажик тарап кысым көрсөтүп, аларга залал келтиришти деген маалыматты угуп, биз 22-февраль күнү Баткенде митинг өткөргөнбүз, аларды бошотуу талабын коюп. Ошондо бизге Баткендин жетекчиси кармалган биздин туугандардын акыбалы жакшы экенин, аларга эч ким кысым көрсөтпөгөнүн билдирип, аларды үйлөрүнө алып келүү боюнча сүйлөшүлөр болгонун, Тажик тарап жакында аларды кой берет деп убада кылган болчу. Бирок андан бери он күндөн ашык убакыт өттү. Биз кабартыр болуп жатабыз. Алардын акыбалы жакшы деп жатышат бирок бизге ишенүү кыйын болуп жатат. Себеби телефон менен да үндөрүн укпасак”,— деп билдирди Элмирахан Орозова

Мындан улам биз, SEREP MEDIA маалымат агенттиги өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылдык. Анда алар учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтышып, кармалган жарандарды Тажик тарап качан бошотоору азырынча белгисиз деп үн катышты.

“Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажик тарап менен чек ара мыйзамсыз бузуп кармалган кыргызстандык жарандарды, Кыргызстанда да ушундай себеп менен кармалып турган тажикстандык 15 жаранды мекенине кайтаруу маселелерин талкуулаган. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бул шыр эле чечиле калчу маселе эмес”,— деп билдирди Баткен облустук бийлигинин басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова

Белгилей кетсек,16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Тажикстандагы мал базарына барып, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагын көздөй кайтып келатканда, Согди облусунун Кистакуз айылынан Тажикстандын чек арачылары кармап кеткен. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, аталган 5 жаран жол таппай, чек арадагы мыйзамдуу өткөрмө бекетинен адашып калышкан. Мындан көп өтпөй эле 22-февралда кармалган жарандардын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы имаратынын алдына Тажик тарап кармап кеткен жарандарды үйлөрүнө кайтарып берүү талабын коюп митингге чыгышкан. Анда Суваналиев митингчилерге учурда кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, ошондой эле облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата-энеси Тажикстанга барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөрүн билдирген болчу.

Бирок кармалган жарандардын жакындары аларга барып кабар алмак турсун, телефон аркылуу да байланышып акыбалдарын биле албай жатышкандарын айтышууда.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эркайым Асанканова

Эркайым Асанканова

Окшош

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:48 23.12.2025
0

Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн...

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Автор Эдита Ильясова
16:43 23.12.2025
0

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда депутат Медер Чотонов "Министрлер кабинети" деген сөздү айта албай койду. Ал Таластан шайланып...

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Автор Эдита Ильясова
15:53 23.12.2025
0

Аламүдүн райондук соту мурдагы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук...

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:57 23.12.2025
0

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир...

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 23.12.2025
0

2024-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана тездетилген өсүштү көрсөттү. ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5% түзүп, баштапкы болжолдонгон 9%ды түздү....

Комментарийлер 8

  1. Элмира says:
    5 лет ago

    Саламатсыздарбы туугандар Тажикстандагы балдардың азыргы абалы кандай экенин билбей ичибизден кан жутуп отурабыз .Урматуу Садыр Жапар Нургожоевич и Камчыбек Ташиев мен сиздерден өтунуп сураймын Лейлек тараптан Тажикстанга кармалып кеткен балдарды боштондукка чыгарып беруунузду сурайбыз .

    Ответить
  2. Диана says:
    5 лет ago

    Саламатсыздарбы бийлик өкүлдөрү. Сиздерден суранарыбыз Тажикстандагы кармалып турган биздин жарандарды чыгарып беруунуздорду суранабыз.

    Ответить
  3. Матираимова жибек Сайдимаровна says:
    5 лет ago

    Мен ошол мыйзамсыз кармалап кеткен балдардын бири Матраимов Сейитбектин бир тууганымын,, Урматтуу Садыр Нуркожоевич мен да сизге кайрылып кетем ушул балдар да Кыргызтандын жарандарыго эмне себеп тен конул кош карап конул болбой жатасыз, биз сизге ото каттуу ишенген элем, ушул жонокой нерсени чечеалбай калдынызбы,ушуну сизден жалынып жалбарып суранып кетет элем тезиреек карап бошотуруп берсениз, мен сизге ишенем и терен таазим этем, Сизди Ата энениз кандай кутконун жонунуз менен туйуп,, ушул балдардын да Ата энелери жакындарытынчсызданып кутуп атышат,

    Ответить
  4. Джола says:
    5 лет ago

    Урматтуу Садыр Нургожоевич! Урматтуу Ксмчыбек Кыдыршаевич! Алмашуу жтлу менен кыргыз жарандарын чыгаруу боюнча тажик тараптан 22.02.2021-ж. сунуш болуп, бирок 16.02.2021-ж. бери камалып турган 5 кыргыз жарандарын алмашуу созулуп келуудо. Тажик органдары бир гана жогорттон болуучу буйрукту кутуп турат, ошого байланыштуу Камчыбек Кыдыршаевич, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев озунуздордун Тажикстандагы УКМКнын жана Тышкы иштер министрлерине биздин жарандарды алмаштыруу келишим эмне болду деп сурап койуу эле калды. Ушул бир телефондук байланыш менен чечилуучу жумуш. Эгер Сиздер биздин жарандардын тагдырына кайдыгер карабасаныздар ушул кадамга баруунуздар керек. Ал жарандарды ата энелери, уй булосу, бир тууганлары кабыргасы кайышып, кутушуудо. Урматтуу Садыр Нургожоевич, маселени артка калтырбастан тездетуу зарыл, кыргыз-тажик элинин ортосунда достук келишими бар. Балдарды алмаштыруу жолу менен кайтарып алууга твжик тарап дапдаяр турат, бир гана жогорку жетекчилеринин буйругу зарыл, келишим эмне болду деп сурап койгулачы Душанбедеги тийиштуу коллегаларынардан, ошондо чечилет, кылайындар

    Ответить
  5. Джола says:
    5 лет ago

    Кагылайындар

    Ответить
  6. Жазгуль says:
    5 лет ago

    Бийлик окулдору Баткен элинин атынан суранабыз. Чек араны чечиниздер,башка нерсени токтотуп койсок болот.Бирок чек ара ото коркунучта турат. Жерибизди эмес , элибиздида алдырып койдук. Кош конул карабаныздар,тунуда Баткендиктер тынч аман тан атса экен деп ойгонобуз…Ошондуктан тез арада эч нерсеге карабай, камалган балдарды чыгарып, чек араны чечиниздер

    Ответить
  7. Диана says:
    5 лет ago

    Урматтуу бийлик адамдары. Биздин 5 жарандын азыркы туш болгон тагдырына биз туугандары кабатыр болуп жатабыз. Мамлекеттик денгеелде чечилет дегениниздерден сиздерден жооп күтүп отурабыз. Чечип бересиздерби ынтымак жолунда? Же биз дагы күч мн чыгарып алайлыбы? Эмнеге канча күндөн бери угузуп, суранып жатсак да көңүл болбойсуздор? Ачыгын айтыныздар ал колдон келеби? Же жокпу? Болбосо биз туугандары Тажиктерге окшоп күч колдонуп чыгарып алабыз. Ал жакта турган 5 оо жалгыз эмес артында көкүрөгүн тошкон эли турат. Туугандары жанга жан, канга кан деген ака, тага, жезде, куйоо балдар, достору турат. Биз эми кутпойбуз!!!!!!! Сабыр тугонду. Эң оңой жолу тажиктен 5 ти кармасак алмашабыз. Просто биз келишим МН тынчтык мн чыгарууну куттук эле. Ачыгын айтиниздар колдон келе т, келбейт деп. Дагын айтам жанин берүүгө даяр туугандарым жок эмес.

    Ответить
  8. Дилбар says:
    5 лет ago

    Саламатсызбы Садыр Нуркожоевич сизден уй буломдун атынан жана жеке озум атымдан суранаар элем ушул Лейлек тараптан кармалып тажиктер алып кирип кеткен Баткен областынын 3 жараанын чыгарып беруунузду ото суранаар элек ,чек ара маселебизге кайдигер карабаныздар

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Социалдык фонд: «2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз»

Социалдык фонд: "2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз"

12:13 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

11:44 23.12.2025
Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

00:48 24.12.2025
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:48 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү