Тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган 163 адам ооруканада
19-сентябрь саат 9:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылгандардын саны 163тү түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына бир түн ичинде 19 жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн кайрылган, анын ичинен 12 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Жабырлануучулардын көбү Бишкек жана Ош шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду (102 жабырлануучу).