Abank july
SerepTV Logo

Тажикстандан чыккан вирустун Кыргызстандын аймагына киришине жол бербөө аракеттери көрүлүп жатат

Тажикстандан чыккан вирустун Кыргызстандын аймагына киришине жол бербөө аракеттери көрүлүп жатат
Тажикстанда катталган, вакцинадан келип чыгуучу 2-типтеги полиовирус (cVDPV2) илдетин Кыргызстандын аймагына киришине жол бербөө аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборуна таянып, Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, 2021-жылдын 8-мартында кошуна Тажикстанда вакцинадан чыгуучу полиовирустун 2-типтеги (cVDPV2) вирусу табылган. Буга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тиешелүү маалыматтарды карап чыгып, эпидемияны өзгөчө кырдаалдын 2-деңгээлине киргизген. “Коңшу Тажикстан Республикасында cVDPV2 оорусун каттоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Тажикстан Республикасынан ооруларды алып келбөө максатында эпидемиологияга каршы чараларды күчөттү. 1993-жылдан бери Кыргызстанда жапайы жана вакцина менен байланышкан полиовирустун каттоосу болгон эмес. 2002-жылдан бери өлкө "Полиомиелиттен эркин өлкө" сертификатына ээ болгон,- деп жазылат маалыматта.    
Unknown Author