Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Элзаданын апасы: "Кызым котормочу болом дечү"
Тажикстандын кол салуусунан 15 жаштагы Элзада Маннанова каза болгон. Ал убагында үй-бүлөсү менен айылдан чыгып кете албай, жанынан жарылган снаряддан курман болгон. Бул тууралуу «Азаттык» жарыялады.
Кыздын апасы Зумрат Шарипованын айтымында, алар качып жүрүп тажашкан. "Бул 3-4-жолкусу. Биз тажадык. Кызымды жоготтук, эми таппайбыз. Кызым котормочу болом дечү. "Ал үчүн жакшы окушуң керек да" десем, "апа, окуйм" деп калчу", - дейт кыздын апасы.