Тажикстандын кол салуусунан каза болгондордун тизмеси качан жарыяланат? Ташиевдин жообу

Тажикстандын кол салуусунан каза болгондордун тизмеси акыркы жоокер жерге берилгенден кийин гана жарыяланат. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, учурда дайыны белгисиз болгон аскер кызматкерлери да бар. «Бүгүн 3 жоокерди жерге бердик. Жерге бериле элек аскерлер бар», — деди ал.