Депутат: «Чек арада каза болгон аскердин сүйлөшкөн кызы инисине жубай болгону тууралуу пьесаны жайылтуу керек»

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов Тажикстандын кол салуусунда каза болгон жоокердин тагдыры сахналаштырылганын, ошол пьесаны өлкөгө жайылтуу керектигин айтты.

«Былтыркы Баткен окуясынан кийин биз баатырларды даңктайбыз деп бир нече иш-чара башталып, айрымдары аткарылып жатат. Баткенге барганда каза болгон жоокерибиздин башынан өткөргөн окуясын Баткен облустук театры сахналаштырып, коюптур. Ошону биз жалпы Кыргызстанга таратсак. 

Ал жердеги жоокерибиз кызмат өтөп жүрүп, ошол жакта кыз менен таанышып, кудалашып, согуш болуп, каза болгон соң, кызды инисине алып беришиптир. Ошону сахналаштырган экен. Өтө таасирдүү болуптур. Ошол эле учурда жоокерлерге дух берген, каада-салтыбызды даңктаган пьеса болуптур», — деди ал.