Тажикстандын кол салуусунда колунда баласы менен «үй бар» деген жазуу көтөрүп чыккан жаран ыраазычылык алды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге ыраазычылыгын билдирди.

Келдибек Матисаев 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү чек арада болуп өткөн окуяда чек ара айылдарынан эвакуация болгон жарандарга колун сунган инсан.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз кезегинде Келдибек Матисаевге кыйын кырдаалда жабыркаган үй-бүлөлөргө патриоттук сезимде кол сунуп, өлкөнүн бүтүндүгү, элибиздин келечеги үчүн кошкон салымы жана өз учурунда материалдык, моралдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ыйгарым укуктуу өкүл оор кырдаалда колдоо көрсөтүп, жабыркаган үй бүлөлөргө жардам берген ар бир кыргызстандыкка Баткен элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди.