Тажикстандын кол салуусунда Өзбекстан Сох аркылуу коридор ачып, Кыргыз жарандарынын өмүрүн сактап калууга салым кошту

Кыргызстандын Бириккен демократиялык кыймылынын Өзбек элине жана бийлигине ыраазычылык билдирген кайрылуу жарыялады.

Тажикстандын кол салуусунда Баткен облусуна Өзбекстандын Сох аймагы аркылуу гуманитардык коридорду ачып, айылдардан жайкын жарандарды чыгарууга, башка региондордон Баткен облусуна гуманитардык жардам жеткирүүгө жана Кыргыз жарандарын Баткен облусуна кирип чыгууга коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет. Бул коридор аркылуу Өзбек мамлекети Кыргыз жарандарынын өмүрүн жана ден соолугун сактап калууга чоң салымын кошту.

Бул колдоону кыймылдын Баткенге гуманитардык жардам алып барган мүчөлөрү башка Кыргыз жарандары сыяктуу эле, өздөрү күбө болуп көрүп келишти. Алардын айтуусу боюнча, өзбек чек арачылары жана эли Кыргыз жарандарына чек арадан өтүп жатканда урмат-сый, камкордук жана жылуу сөздөрү менен колдоо көрсөтүп жатты.