Баткен облусунун Лейлек районунда Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди уурдап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып 24.kg сайты жазды.
Алардын айтымында, кечээ кечинде айыл тургундары толугу менен үйлөрүн таштап кетишкен.
«Эки үйдү тажиктер басып алып, өрттөп жибергени белгилүү. Эки киши өлтүрүлдү. Бүгүн айыл башчысы каза тапкандардын сөөгүн алып келүү үчүн өзү кеткен, аны туткунга алып, Тажикстандын аймагына алып кирип кетишти», — дешти жергиликтүү тургундар.
Маалыматты Баткен облустук милициясынан тастыкташты.