«Талаалар, сай бойлору каралып жатат». Жалал-Абадда 9 жаштагы Сумая Хосилжанованы издөө уланууда

9 жаштагы Сумая Хосилжанованы издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчылар тартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБ 19-ноябрь күнү Сузак районунун 9 жаштагы тургуну  Хосилжанова Сумая Уткирбековна 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке окууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген«Сумаянын кайда экендиги азыркы учурга чейин белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу Сузак РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү 100дөн ашуун тургундар менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Жарандарга бүгүн 22-ноябрда Сузак районунун борбордук бөлүгүндөгү аянтчада Сумая тууралуу маалыматтар берилди. Издөө иштерине тартылган милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар айылдарды аралашып, телефон аркылуу изделип жаткан кыздын сүрөтүн элге көрсөтүп издеп жатышат. Ошондой эле талаалар, сай бойлору да текшерүүгө алынууда. Бирок азырынча натыйжалуу майнап чыга элек. Буга байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилери: Бою 120-130 сантиметр, өңү кара тору, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү жемпер, көк түстөгү куртка, кызгыл түстөгү бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Хосилжанова Сумая Уткирбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70 номурларына кабарлап койсоңуздар болот.