Бүгүн, 12-ноябрь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондун абалы менен таанышты.
1989-жылы курулган стадион ушул күнгө чейин бир канча жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн, бирок азыркы учурда замандын талабына жараша шарттарга муктаж. Андыктан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тийиштүү тараптарга стадионду толук кандуу реконструкциядан өткөрүү тапшырмасын берип, Талас шаарынын тургундары үчүн заманбап шарттарды түзүү талабын койду.