Кечээ, 9-ноябрда социалдык тармактарда электр мамычасына байланган баланын сүрөтү тараган. Бул окуя Талас шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө, Талас шаарынын тургуну 8-ноябрда 16 жашка толуп, 5 дос баласы үйүнө куттуктап келишип, дасторкон үстүндө отурушкан. Андан соң, туулган күн ээси атайын жайкы кийими менен сыртка чыккан. Себеби, дос балдарынын арасында кимдин туулган күнү болсо, ошол баланы торт жана башка нерселер менен уруп куттуктап жүрүшкөн. Ошол сыяктуу эле туулган күн ээсин дагы достору электр мамычасына байлап торт жана башка нерселер менен уруп куттукташкандыгы белгилүү болгон. 16 жашка толгон өспүрүмдүн апасы ушундай окуя болгонун билгенин, окуя боюнча эч кимге арыз доосу жок экендигин айтып, арыз жазуудан баш тарткан»,- деп айтылат маалыматта.