Таласта 16 жаштагы кыз төрөдү. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда өспүрүм кыз уул төрөгөн. Бул факты Талас ОИИБде катталган.
«25-майда Талас облустук ооруканасынан милицияга 16 жаштагы кыздын көз жарганы тууралуу маалымат түшкөн. Факты электрондук журналга каттоого алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.